Акча алмаштыруу жайларынын жоопкерчилигин көтөрүү демилгеси колдоо тапты

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясында 12-февралда депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылды.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мыйзам бузууга жол бергени үчүн жеке жана юридикалык жактардын, банктардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилик жол-жоболорун оптималдаштыруу жана аларды бири-бирине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам бузган жеке жактарга 2 миң сомдон 100 миң сомго чейин, кызмат адамдарына 3 миң сомдон 150 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 250 миң сомго чейин административдик айып салуу чаралары сунушталууда.

Ал эми Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, ушу тапта миңден ашуун акча алмаштыруу жайы иштесе, үчтөн бири гана лицензия алып, мыйзамдуу иш алып барууда. “Юридикалык жактын бир алмашуу бюросун ачууда жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү 1 миллион сомдон 500 миң сомго чейин төмөндөтүлгөн. Азыр мыйзам бузган акча алмаштыруу жайлары 2 миң сом айып төлөп кутулуп кетип жатышат. Ошондон улам алардын жоопкерчилигин жогорулатуу милдети турат”, - дейт ал.

Акча алмаштыруу бюросун ачуу лицензиясынын наркы 300 сом экени белгилүү болду. Депутаттар лицензия баасын кескин жогорулатуу зарылдыгын айтышты. Ал эми депутат Кожобек Рыспаев акча алмаштыруу жайларын ачуу лицензиясынын наркын так белгилебей эле, аны аукцион аркылуу сатуу сунушун берди. “Мамлекеттик геология агенттиги кендерди аукционго коюу менен мамлекетке ири кирешелерди түшүрүүдө. Алардан үлгү алыш керек. Ошондо акча алмаштыруу жайлары кыйла пайда алып келмек”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан