Бүгүн, 12-февралда өкмөттө 2015-жылкы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары талкууланды. Премьер-министр Темир Сариев турак жайды камсыздандыруу процесси башталганын айтып, Мамлекеттик камсыздоо компаниясында алгачкылардан болуп өзү турак жайын камсыздандырганын билдирди.
"Турак жайды камсыздандыруу жарандардын кызыкчылыгындагы иш. Ал мамлекеттик компания аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт. Кайсы бир кырсык болгон учурда жарандарыбыз үчүн да, мамлекет үчүн да жүктү жеңилдетет. Бул маселенин эсебинен саясий кызыкчылыкты көздөп, чайкоочулукка жол берүү туура эмес",- дейт Сариев.
Экономикалык абалды эске алуу менен 2015-жылы өкмөт оперативдүү режимде иштегенин билдирген премьер: "Пландалган 18 жыйындын ордуна 39 отурум өттү. Жыйындарда 60 маселени кароо пландалса, 127 маселе каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды. Өкмөт жыйындары 50 пайызга, кабыл алынган чечимдер эки эсеге көбөйдү",- деди.