"2016-жылы ички дүң продукциянын деңгээли 5,2 пайызды түзүшү керек". Муну премьер-министр Темир Сариев 12-февралда өкмөт жыйынында билдирди.
Жыйында премьер-министр бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү ишин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
"2016-жылы алдыбызда ИДПнын деңгээлин 5,2 пайызга жеткирүү милдети турат. Биздин негизги соода өнөктөштөрүбүз кабылган экономикалык кыйынчылыкты эске алганда, мындай көрсөткүчкө жетүү кыйын болот. Бирок тоскоолдуктарга карабай коюлган тапшырмаларды аткарышыбыз керек. Бул үчүн бардык мамлекеттик органдардын башчылары бизнес менен тыгыз кызматташып, жаңы иш орундарын түзүүгө аракет кылышы шарт",- деди Сариев.
Экономика министри Арзыбек Кожошев 2015-жылдын жыйынтыгы менен экономикалык өсүш 103,5 пайызды түзгөнүн белгилеп: "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, ИДПнын реалдуу өсүшү 104,5 пайызды түздү, бул көрсөткүч 2014-жылы 105,0 пайызды түзгөн. Экономикалык өсүш дээрлик экономиканын бардык тармактарында камсыздалды",- деди.