12-февралда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында Америка эл аралык өнүгүү агенттиги тарабынан каржыланган «Фермерден фермерге» долбоору жөнүндө маалымат угулду.
"Фермерден фермерге" долбоорунун директору Назгүлмира Арынова 2013-жылдын декабрынан 2018-жылдын сентябрына чейин белгиленген долбоордун максаты айыл чарба жаатында тажрыйба, билим алмашуу экенин, долбоор аркылуу айыл чарба ишкердигин өнүктүрүү, айыл чарбасы боюнча билимди жогорулатуу жана айыл чарба жаатында каржылык кызмат көрсөтүү милдеттери коюлганын түшүндүрүп берди. Долбоордун алкагында мөмө бактарын кыйыштыруу, мөмө-жемиштерди сактоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, өсүмдүктөрдү коргоо жана башка багыттар боюнча консультация берүү үчүн чет элдик эксперттер тартылат.
Талкууда долбоордун бюджети 5 жылга 2 миллион доллар өлчөмүндө экени жана долбоор жалаң гана консультация менен тренингдерди өткөрө тургандыгы белгилүү болду. Жыйынга чакырылган “Манас” университетинин профессору Тинатин Дөөлөткелдиева аталган долбоордун жардамы менен чет элдик адистердин катышуусунда өсүмдүктөрдү коргоо жаатында заманбап илдеттерди молекулярдык ыкма аркылуу ыкчам жоготуу боюнча иш алып баргандыгын, мындай иш-аракеттер өсүмдүктөрдү коргоо жаатында илимий изилдөөлөргө, илимий потенциалды жогорулатууга жол ачылып жатканын маалымдады. Анын айтымында, жакында университетте өсүмдүктөрдү коргоо жаатында диагностикалык клиника ачылат.
Көпчүлүк дыйкандар, фермерлер бул долбоор боюнча маалыматы жоктугун белгилеген депутат Зиядин Жамалдинов жогоруда айтылган практикалык кызматташууларды видеотасмага түшүрүп, элге таркатуу кыйла пайдалуу болорун «Фермерден фермерге» долбоорунун жетекчилерине сунуштады. Ал эми депутат Тазабек Икрамов мөмө-жемиштерден как, шире жасоонун технологияларын үйрөтүүгө басым жасоого чакырды. Долбоордун алкагында айыл чарба тармагындагы окуу жайлары менен кызматташууну арттыруу сунушу депутат Мирлан Бакиров тарабынан берилди.
Талкууда айыл чарба тармагында билим берүүнү өнүктүрүү, өсүмдүк өстүрүүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүү менен эски ыкмалардан жаңы ыкмаларга өтүү аркылуу агрардык өлкөнүн келечеги курулары да белгиленди.