Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 17-18-февралдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти

12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун төрагалыгы астында Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши болуп, анда парламенттин 17-18-февралдагы жыйындарынын күн тартибинин долбоорлору бекитилди.

17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана башка бир катар мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылды.

Ал эми 18-февралда болсо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана башка мыйзам долбоорлорунун каралышы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан