11-февралда Москва шаарындагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарып калгандардын бири 28 жаштагы Марат Исаев аттуу кыргыз жараны болгон. Бирок Орусиянын айрым телеканалдары аялды кырсыктан полиция кызматкери Артём Королюк сактап калганын көрсөтүп, Маратты жөн гана "бир жүргүнчү" деп жатышкан.
Мындан улам көпчүлүк интернет колдонуучулар социалдык түйүндөрдө Орусиянын телеканалдары Маратты эске албай жатышканына нааразы болуп, катуу сынга алып чыгышты. Көпчүлүгү "Эмне үчүн Мараттын эрдигин Орусия телеканалдары көрсөтпөй жатышат? Эмне, экинчи адамдын улуту Орусия телеканалдарынын саясатына туура келбейби? Позор!" дешсе, дагы башкалары "Полиция кызматкеринин аты-жөнүн атап, аны баатыр көрсөтүп жатышат, Марат тууралуу таптакыр эч нерсе айтышкан жок. Марат, мындан кийин өз өмүрүңдү минтип тобокелчиликке салба" деп жазышкан.
Мындай сындардан кийин негизги телеканалдар Мараттын эрдигин көрсөтүп, анын аты-жөнүн атап чыгышты.
Эскерте кетсек, 11-февралда "Красносельская" метросунун станциясында Юлия Валь аттуу аял талмасы кармап рельстерге кулап түшкөн. Аны полиция кызматкери куткарууга аракет кылып, башкалары жардам бербей жатканын көргөн 28 жаштагы Марат Исаев рельстерди көздөй түшкөн. Поезд жакындап калгандыктан, чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой, аялды өздөрү менен кошо рельстердин арасына жаткырып аман калышкан.
Марат Исаев 8 жылдан бери Москвада иштеп жүрөт. Учурда үй-бүлөлүү, 4 жаштагы кызы бар.
Королюкту Москванын Ички иштер башкармалыгы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө камынып жатат.