Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы кызматка дайындалды. Министрликтен билдиришкендей, өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругуна ылайык, Секимов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды.