Бишкек мэрлигине талапкерлердин кыргыз тилин канчалык билери 19-февралда текшерилет

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы борбор шаардын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алууну баштады. БШКдан 15-февралда билдиргендей, талапкерлердин кыргыз тилинде эркин сүйлөй алуусун аныктай турган комиссиянын жыйыны 19-февралда саат 10:00дө өтөт. Талапкер жылдырган тарап 19-февраль, саат 18:00гө чейин аймактык шайлоо комиссиясына тийиштүү документтерди бериши керек, алар:

1. Талапкер чыгаруу жөнүндө чечим;

2. Шаар башчылыгына ат салышууга макулдук берүү боюнча талапкердин арызы;

3. Талапкердин өмүр баяны тууралуу маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, күнү, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлүшү керек);

4. "Борбор шаардын статусу жөнүндө" мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын тастыктоочу документтер
(ID паспортунун көчүрмөсү, жогорку билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин нотариат тарабынан тастыкталган көчүрмөсү, соттолбогондугу тууралуу ИИМдин маалым каты).

Белгилей кетсек, Бишкектин мэрин шайлоо 2016-жылдын 27-февралына дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан