"Кыргыз мамлекети жыл башынан бери электр энергиясын импорттой элек, демек, тарифтер төмөндөшү керек". Муну бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына энергетикалык эксперт Расул Умбеталиев билдирип, себептерин атады.
"2014-жылы тарифтер көтөрүлүп жатканда Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин башчысы Нурбек Элебаев эгерде Кыргыз Республикасы 2016-жылы электр энергиясын импорттоодон баш тартса, тарифтер кайра каралышы мүмкүн экенин айткан. Өлкө электр кубатын сатып алууну токтотсо, тарифтер 2015-жыл менен бүтөрүн билдирген. Быйыл кышында электр энергиясын сатып алуу болгон жок, демек, өкмөт тарифтерди кайра карап чыгып, бааны төмөндөтүүгө милдеттүү",- дейт Умбеталиев.
Белгилей кетсек, өкмөт 2014-жылы электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 20 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 38 тыйын деп бекитилген.
Өкмөттүн башка чечими менен 2015-жылдын 31-мартынан баштап электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 82 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 97 тыйын деп бекитилген.
2015-жылдын 1-августунан тарта тарифтер кайра өзгөргөн. 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 77 тыйын, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи коюлганы маалым. Өндүрүш ишканаларына 2 сом 24 тыйын деп бекитилген. Учурда ушул тариф күчүндө. Жогорудагы тарифтердин баары Казакстандан импорттолгон электр энергиясынын наркын эске алуу менен коюлган.