Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети бүгүн, 16-февралдагы жыйынында электр энергиясын колдонуудагы тариф маселесин карайт. Жыйында электр энергиясын колдонуудагы тарифтер аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жана башка тиешелүү жактардын, эксперттердин катышуусунда талкууга алынмакчы.
Анда "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору жана электр энергиясынын колдонуудагы тарифтер жөнүндө маселе каралат.