Депутаттар “Кумтөр” кениндеги мөңгүлөрдү иликтеген эксперттик топтун маалыматын угушту

15-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети “Кумтөр” кенинин аймагындагы мөңгүлөрдүн абалын иликтеген эксперттик топтун маалыматын укту.

Топтун жетекчиси Рысбек Усубалиев Ак-Шыйрак массивинде 436 чарчы чакырым жерде мөңгү жайгашканын, "Кумтөр" кенинин айланасында Лысый, Давыдов, Сары-Төр жана Борду мөңгүлөрү бар экенин белгиледи. Иликтөөлөргө караганда, климаттын өзгөрүшүнө жараша башка мөңгүлөрдөй эле Ак-Шыйрак массивиндеги мөңгүлөр да азайып баратканы, Давыдов мөңгүсүнүн азайышына техногендик себептер таасир бергени айтылды.

Талкууда депутаттар Ак-Шыйрак массивиндеги мөңгүлөрдү иликтөөгө басым жасалганын белгилеп, өкмөт башчынын буйругунда "Кумтөр" кенинин аймагындагы мөңгүлөрдүн абалын иликтөө тапшырмасы берилгенин айтышты. "Кумтөрдү" иштетүүгө чейин аймактагы мөңгүлөр кандай экени, кен иштеткенден кийин кандай абалга келгени аныкталышы керек болчу" дешти.

Жыйынтыгында эксперттик топко “Кумтөрдүн” айланасындагы мөңгүлөрдүн адам факторунан кийинки абалын өзүнчө иликтеп берүү сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан