Кыргыз өлкөсү бажы биримдигине киргенден бери сатуу рыногу 30 эсе өстү. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов билдирди. Анын айтымында, өлкө Бажы биримдигине киргенден бери жарым жыл өтүп, бул мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасы бир катар өзүнө керектүү шарттарга жете алды.
"Мисал катары бажы, санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн алынышын айтсак болот. Соода-сатыктын өсүүсү бажы чек араларынын жоюлушуна байланыштуу болду. Мындан тышкары Кыргыз Республикасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында бирдей укукка ээ болду. Биримдиктин ичинде кыргыз тараптын добушу жок эч кандай чечим кабыл алынбайт. Ошондой эле Орусиянын 200 миллион доллар гранты өтмө пункттарды жана ЕАЭБдин шарттарына жооп бере ала турган лабораторияларды даярдыктан өткөрүүгө жумшалууда",- деди Жакыпов.