Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-февралда Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды.
Жолугушууда президент пенсиялардын көлөмү ар бир төлөөчүнүн камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөнүнө жараша болорун элдин көбү түшүнөрүн белгиледи.
“Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, азыркы систем биздин элеттиктер жашап жана эмгектенип жатышкан кырдаалды жана шарттарды толук эске алган эмес. Азыркы систем боюнча чакан жер үлүшү бар адамдар менен ири жер ээлеринин ортосунда теңсиздик орун алган",- деди Атамбаев.
Мамлекет башчы социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин ишке ашыруу максатында жана төлөмдөр боюнча жүктү адилеттүү бөлүштүрүүнү эске алуу менен тарифтерди кайра карап чыгууну өкмөткө жана Социалдык фондго тапшырып: "Базарларда иштеген жеке ишкерлердин мамлекеттик камсыздандыруу маселесин да өзүнчө бөлүп кароо керек",- деди.
Өкмөт зарыл болгон эсептөөлөрдү тездетип, тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кезексиз тартипте кароосуна сунуштоосу зарылдыгын айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин аймактарда соцфонд төлөмдөрүнүн жогорулашына каршы митингдер өтүп келген.