Жогорку Кеңештин Эл аралык маселелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 16-февралдагы жыйынында диний экстремизм жана терроризм аракеттери үчүн 14 жаштан жогорку өспүрүмдөрдү жазага тартуу боюнча мыйзам долбоору каралды.
Анын жүрүшүндө демилгечилер аталган долбоор аркылуу мыйзам актыларын күчөтүп, кыргыз өлкөсүндөгү диний экстремизм жана эл аралык терроризм менен күрөшүү керек экенин айтышты. "Азыркы кодекске ылайык, кылмыш жоопкерчилигине 16 жаштан жогорку жарандарды гана тартуу мүмкүн. Статистикага таянсак, экстремисттик материалдарды сактаган, Сирияга согушка кеткен же аларга көмөк көрсөткөн адамдардын арасында 14-15 жаштагы өспүрүмдөр аз эмес",- деди демилгечилердин бири.
Депутат Максат Сабиров экстремизм үчүн жаш балдарды эмес, алардын ата-энелерин жазага тартуу туура деген пикирин айтты. "Ата-энелер тойлордо жүрүшсө, балдарга ким тарбия берет? Ошондуктан терроризмге жана экстремизмге берилген өспүрүмдөрдүн ата-энелерин жоопкерчиликке тартыш керек",- деди Сабиров.