Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Эсептөө палатасына Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги тарабынан электр энергиясынын тарифинин туура же туура эмес белгиленип жатышын текшерип, анын жыйынтыгы менен тааныштыруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатканда белгилүү болду.
Ал эми өкмөткө иште кетирилген кемчиликтери, электр энергиясынын тарифтик саясатын туура эмес жүргүзгөндүгүнөн улам кардарларды чыгымга учуратып жатканы үчүн агенттиктин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо сунушу берилди.
Белгилей кетсек, комитет жыйынынын жүрүшүндө депутаттар тарабынан Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин дарегине бир катар сын-пикирлер айтылган. Алардын айтымында, быйыл өлкө электр кубатын коңшу өлкөлөрдөн импорттобосо дагы, электр энергиясынын тарифи былтыркы боюнча калтырылганы туура эмес. Энергетика тармагында иштеген жеке компаниялардын жеке чыгымын кардарлар тартышы өлкөнүн энергетикалык саясатына жатпайт.