Терроризм үчүн соттолгондорду өзүнчө түрмөдө кармоо демилгеси комитетте жактырылды

Парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети 16-февралда экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондорду башкалардан өзүнчө кармоо тартибин күчөтүүгө багытталган Жаза аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү сунушун жактырды.

Мындан тышкары комитетте "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун да колдоду. Документке ылайык, жасалма эсептик-көзөмөлдүк маркаларды даярдоо, сактаган жана сатып өткөргөн тараптарга жоопкерчилик чаралары күчөтүлөт. Эсептик-көзөмөлдүк маркасы менен маркалоого тийиш болгон товарды Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагына ташып келген тараптарга администрациялык айып пулдун суммасы көбөйтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан