БШК шаардык кеңештерге талапкер жылдыруучу партияларды шайлоо фондун түзүүгө чакырды

БШКнын алдындагы Көзөмөл-ревизиялык топ тийиштүү мыйзамга ылайык, шаардык кеңешке талапкер жылдырган партиялар шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүү керектигин эскертти.

Эсеп тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен ачылат. Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 40 күн калганга чейин күрөө коюлганын тастыктай турган документти аймактык шайлоо комиссиясына бериши керектиги, күрөө шайлоо фондунун каражатынан гана коюлушу керектиги белгиленет маалыматта.

"Шайлоо фондун түзбөө, шайлоо күрөөсү коюлганын тастыктоочу документти бербөө талапкерлерди каттоодон баш тартууга негиз болот",- деп билдирди БШК.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан