Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын аймагында полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда четке кагылды.
Эскерте кетсек, бул мыйзам долбоору былтыркы жылдын 24-июнундагы Жогорку Кеңештин жыйынында демилгеленип, 1-окууда жактырылган. Анда демилгечи депутат Эркингүл Иманкожоева полиэтилен баштыктарынын ордуна көп колдонуучу жана кагаздан жасалган баштыктарга өтүү зарыл экенин айткан. "Биз өлкөбүздөгү баштык чыгаруучу ишкерлер менен сүйлөштүк. Алар полиэтиленден кагазга өтүүгө даяр. Ошондой эле тигүү ишканаларына жумуш болот. Адистердин билдиришинче, ишкерлер 16 миллион сом жоготушу мүмкүн. Жаңы пайдалануучу баштыктар арзан баада сатыла баштайт",- деген Иманкожоева.
2016-жылдын 12-февралында мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатканда депутат Мирлан Бакиров техникалык жактан туура эмес даярдалып, полиэтилен баштыктарынын ордуна альтернативдүү сунуштар берилбегендиктен, мыйзам долбоору четке кагылганы жатканын айтты. “Ал эми балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө, сатууга тыюу салуу боюнча өз алдынча мыйзам долбоору иштелип чыгат”,- деди депутат.