Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев 17-февралда Жогорку Кеңешке экскурсияга келген Бишкек шаарынын №46-мектебинин окуучулары менен жолугушту.
Депутат мектеп окуучулары менен депутаттык ишмердүүлүгү, 2010-жылкы революциянын максаттары, учурдагы айрым көйгөйлүү маселелер тууралуу пикир алышты. “Билим берүү тармагына инвестиция салуу менен натыйжалуу жыйынтык ала алабыз”,- деген депутат билим берүү жаатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Эл өкүлү чек араларга олуттуу мамиле жасоо менен аймактардагы жергиликтүү элди миграция агымынан кармап калуу зарылдыгын кошумчалады.
Окуучулар депутаттын бала кездеги кыялы, максаттары, алардын ишке ашуусу боюнча кызыккан суроолоруна жооп алышканын ЖКдан кабарлашты.