27-мартка белгиленген Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 13 партия катышат. Ош шаардык аймактык комиссиясынан билдиришкендей, алар: “Бир бол”, “Күч биримдикте”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Демократ”, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан”, Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, Кыргызстан социал-демократтар партиясы, “Эмгек”, “Аалам” партиялары.
Шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясы бул шайлоого катышпайт. Мындай чечимди партия жетекчилиги "бийлик адилеттүү эмес" деген жүйөгө негиздеп жатат. "Партиялык системдин жаратылышы - мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган идеологиялардын күрөшү. Биз беш жылдан ашуун убакыттан бери парламентте саясий идеологиялардын күрөшүн көрө алган жокпуз",- деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.