Бишкек мэрлигине Албек Ибраимовдун талапкерлиги сунушталды

Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы Бишкек шаарынын мэрлигине Албек Ибраимовдун талапкерлигин сунуштады. Маалыматты 18-февралда Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматы кабарлады.

Фракция мүчөлөрү көп жылдан бери КСДПнын мүчөсү болуп келген Ибраимов шаар башчылыгына татыктуу талапкер экенин белгилешүүдө. Анын мыкты менеджерлиги, жарандар менен иштешүүдө тажрыйбасы жетиштүү экени айтылат маалыматта.

Албек Ибраимов 1967-жылы 1-июнда Бишкек (Фрунзе) шаарында туулган. Билими жогорку, улуту кыргыз. Кыргыз, орус тилдерин билет. Буга чейин "Манас" Эл аралык аэропорту ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан