2016-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов, Ош шаардык башкармалыгынын өздүк курамы Марат Исаевдин ата-энесине өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун ыраазычылык катын ыйгарышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Ыраазычылык катта министр, генерал-майор Кубатбек Боронов Мараттын ата-энесине: “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан элине жана мамлекетине сыймык алып келген уулуңуздар Маратты боорукер, баатыр, куткаруучу кылып өстүрүп, тарбиялагандыгыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиремин!
Ар бир ата-эне өзүнүн уул-кызын элинин керегине жарап, артынан дайыма жакшы сөз чыгып турса деп тилейт жана кыялданат. Марат сиздердин ошол кыялды орундатып, чет жерде эрдик көрсөтүп, кыргыз элинин, кыргыз жигиттеринин боорукерлигин, баатырдыгын, ыймандуулугун, кыйын кырдаалдагы чечкиндүүлүгүн көрсөттү",- деп жазган.
Ошондой эле министр Марат Исаев мындан ары жалпы кыргыз элинин уулуна айланганын белгилеген.
Марат Исаев Кыргыз Республикасынын жараны, үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Аялынын айтымына караганда, камкор ата жана ар дайым башкаларга жардамын аябаган инсан. Орусияда иштеп жүргөнүнө 8-9 жылдай болду, барып-келип үй-бүлөсүн багат. Марат Исаев быйыл 10-мартта кызынын туулган күнүнө мекенине келери маалым болду.