Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу укуктук жардам боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдик веб-картасы түзүлдү

Кыргыз жергесинде алгачкы жолу укуктук жардам боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдик веб-картасы түзүлдү. Аны түзүүнүн негизги максаты - өлкөнүн жарандарынын укуктук кызмат издөөсүн жеңилдетүү. Муну бүгүн, 18-февралда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган карта Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн баары – мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да кызмат көрсөтүүчүлөр тууралуу маалыматты камтыйт. Бул карта кызмат көрсөтүүчүлөрдүн дареги, ишмердик чөйрөсү, багыты, структурасы, кызмат көрсөтүү ыкмасы (акысыз, акы алып), жооптуу кызматкерлеринин иш тартиби, атайын топтору, географиялык аймагы сыяктуу маалыматтарды чагылтат. Мындан сырткары өлкөдө укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жаңылары пайда болсо же иштеп жаткандардын ичинен ишмердиги кеңейгендер болсо, кошумча маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кимиси болсо да картага өз маалыматтарын киргизе алат. Министрлик тарабынан жер-жерлерде мониторинг жүргүзүү аркылуу бул маалыматтар текшерилип турушу мүмкүн.

Веб-карта аталган министрликке берилди. Картаны мындан ары талаптагыдай абалда колдонууну министрлик камсыз кылат. Картаны компьютердин да, чөнтөк телефондун да жардамы менен пайдаланууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан