Дил баян сынагынын жеңүүчүсү Нурэл Абасканов: "Малайзия - кайра-кайра окугуң келген китепке окшош табышмактуу өлкө"

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ММКлар менен биргеликте уюштурган дил баян сынагында 9 окуучу жеңүүчү деп табылып, алар 14-январдан 21-январга чейин Малайзияда болушту. Окуучулар өлкөнүн борбору Куала-Лумпур шаарында жана экзотикалык Лангкави аралында саякатташты. Окуучулардын Малайзиядан алган таасирин, ой-пикирин кезеги менен жарыялап турабыз.

Төмөндө сынактын Талас облусу боюнча жеңүүчүсүн аныктаган "Фабула" гезитинин материалы:

- Ооба, досум, дил баянымда жазгандай, кыялданган Малайзияны жакындан көрдүк. Ар бир барган адам өзүнүн кайталангыс Малайзиясын ачты деп ойлойм. Мен үчүн Малайзия - бул жомок эмес, кайра-кайра кайталап окуй бергиң келген китеп сыяктуу. Аны барактаган сайын сени жаңы ачылыштарга, кызыктуу саякатка чакырып турат.

Учак менен биринчи жолу учтум. Башында жүрөгүм айланбасын деп атайын дары ичейин дегем, бирок учуунун өзү кайталангыс таасир калтырды. Биз жети жолу учтук. Аэропорттон бизди Малайзиядагы КРнын элчиси Султанов Кылычбек агай өзү эң сыйлуу мейманын тоскондой орхидея гүлдөрү менен тосуп алды. Кечки сый тамакка чейин Куала-Лумпур шаарын кыдырдык. Баары ирети менен, жолдору, өсүмдүктөрү да тизип койгондой шаарга көрк кошуп турат экен.

Ал эми 88 кабаттуу эгиз Петронас мунарасы мага платинадан куюлгандай сезилди. Анын жанында турганда өзүмдү чыныгы жеңүүчү сездим. Өзгөчө кечки көрүнүшү жакты. "Дискавери" илимий музейинде болдук. Азыр да бийик крандарды, дагы да бийик-бийик имараттардын салынып жатканын көрүүгө болот.

Кечинде Кыргыз Республикасынын элчилиги уюштурган "Салома" театр-ресторанына сый тамакка бардык. Улуттук түркүн тамактар, жемиштер... Малайзия - экзотикалык мөмө-жемиштердин да мекени. Мага өзгөчө жекфрут менен гуава ширеси жакты. Ресторанда бамбук таякчалары менен бийленүүчү малай бийине кошулуп бийледик.

Бизди коштоп жүргөн гид Зейнеп эже Малайзия тууралуу көп кызыктуу нерселерди айтып берди. Малайзия мусулман өлкөсү болгондуктан, Орозо айында орозо кармап жаткан адамдын жанына туруп башка диндин өкүлү суу ичип же даам татпайт экен. Орозосуна тоскоолдук кылбастан, бири-бирине сылык мамиле жасашат. Адал индустриясы да өнүккөн. Биз Куала-Лумпурдагы улуттук "Негара Масжид" мечитинде да болдук. Абдан кооз жана күзгүдөй таза. Ал эми эли абдан сылык, сабырдуу, кичи пейил, жөндөмдүү, жаңы нерсени бат үйрөнгөн, эмгекчил экен.

Ланкгави аралына болгон саякатты бир-эки сүйлөм менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес. Мага бул жерде адам менен табият ортосунда байланыш бардай сезилди. Маймыл болобу, жарганат болобу же өсүмдүгү болобу, аларга аяр мамиле жасашат экен. Символу болгон кызыл-күрөң бүркүтү да адамдан коркпостон жерге жакын учат экен. Табият менен таттуу мамиледе болуу да өнүккөн өлкөнүн белгиси тура.

Бизге болуп көрбөгөндөй кызыктуу каникулду тартуулаган долбоордун жетекчиси Кылычбек агайга, «Фабула» гезитинин редактору Тилек Рыскулов агайга жана жалпы жамаатына, "Супер-Инфо" гезитинин жамаатына, мени окуткан эжей-агайларыма терең ыраазычылык билдирем.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azura
2016-02-19 12:34:31
Молодец!
0
dubai
2016-02-19 15:39:08
биздин олконун адамдары да сылык,маданияттуу болуп,олкобуз таза,онуккон олколордун катарына кирээрине ишенем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан