Бир жума мурун Москва шаарындагы метродо аялды куткарып калган Марат Исаевге президент Алмазбек Атамбаевдин атынан кол саат жана 100 миң сом тапшырылды. Маратка президенттин белегин Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов тапшырганын элчиликтен билдиришти. Жунусов анын баатырдыгын баалады.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев эрдик жасаган Марат Исаевди сыйлоо боюнча чечим чыгарган. Мындан тышкары Москва шаарынын мэри Сергей Собянин ага жолугуп,ыраазычылык билдирерин жарыялаган. Ошондой эле төрага Асылбек Жээнбеков Марат Жогорку Кеңештин атынан да сыйлана турганын билдирген.
Марат бул жасаганын эрдик деп эсептебей турганын, эч кимден эч кандай сыйлык сурабасын SUPER.KG порталына айтып берген эле.