Апрель айында электр энергиясына карата баа көтөрүлбөйт

Апрель айында электр энергиясына карата баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 18-февралда өкмөттүн оперативдүү жыйынында билдирди.

Сариев акыркы учурда электр энергиясына тариф көтөрүлөрү тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка жатпай турганын айтып, өкмөттүн мындай планы болбогонун маалымдады. "Электр энергиясына тариф орто мөөнөттүү тариф саясатына карата аныкталат. Ага ылайык, электр энергиясына тарифти көтөрүү каралган жок",- деди ал.

Премьер-министр жарандарга туура маалыматты жеткирүү үчүн тиешелүү органдарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарылдыгын белгилегенин өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан