Бишкектеги турак үйлөрдүн биринин короосунда мыйзамсыз курулуштар жүрүп, көп жылдык бак-дарактар кыйылып, тургундар тиешелүү мекемелерден жооп ала албай келишет

Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү №42-үйдүн жашоочулары алардын короосунда мыйзамсыз курулуштар жүрүп, көп жылдык бак-дарактар кыйылганын бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына билдиришти. Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар бул маселе боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылышкан, бирок ал мекемелерден бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жооп келген эмес.

Январь айынын соңунда тиш дарылоо борборунун жетекчиси Александр Койфмандын куруучулары биздин №42-үйдүн артындагы жер тилкени калайлар менен курчап, үйдүн тургундарына алдын ала маалымдабастан жана эскертпестен 30-40 жылдык бак-дарактарды кыйып, жумушчулары үчүн контейнер коюп, курулуш иштерин баштады. Бул бак-дарактарды ушул №42-үй курулгандан баштап жашап келген тургундар өз колдору менен отургузушуп, аз да болсо экологиянын таза турушуна салым кошуп жаткан. Эми минтип бактарыбыз кыйылып, үйүбүздү чаң каптай баштады. Белгилүү болгондой, Бишкек калаасы “жашыл шаар” деген макамга ээ эле. Ушундай туура эмес кадамдан улам борборубуз кир жана боз шаарга айланып бара жатат.

Курулуш жүрүп жаткан жер тилкени колдонуу укугу биздин үйдүн тургундарына ыйгарылган. Ал жалпы үйдүн жашоочуларына таандык жер жана анда орун алган жол, унаа коюучу жай жалпы тургундардын мүлкү деп эсептелинет”,- дешти тургундар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан