Бишкек мэрлигине талапкер Албек Ибраимов бүгүн, 19-февралда кыргыз тили боюнча сынактан өттү. Ибраимов программасын оозеки жана жазуу түрүндө баяндап берип, "Манас" эпосунан үзүндү окуду. Талапкерден сынак алган атайын комиссия ага "кыргыз тилин билет" деген баа берди.
Бирок анын жазуу түрүндө берген программасынан одоно каталарды көрүүгө болот. Мисалы, "коррупция" деген сөздү "корупция" деп жазган. Ошондой эле башка каталарга да орун берген.
Албек Ибраимов: "Өзүмдүн программамдагы 5 кадам:
1. Бюджеттик саясатты күчөтүү, өзгөчө толуктоо бөлүгүн;
2. Бишкек таза, коопсуз жана эркин адамдардын шаары болууга тийиш;
3. "Коопсуз шаар" программасынын алкагында жол тыгындарын азайтуу;
4. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору катары дүйнөлүк аренада өзүнүн аброюн көрсөтүп турушу керек;
5. Коррупция менен күрөш. Коррупция менен күрөшүү демократия алкагында жетишилет",- деп жазган.