Өкмөт мүчөлөрү Балыкчыда Куралдуу күчтөрдүн аскердик машыгууларына катышты

Бүгүн, 20-февралда премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү Балыкчы шаарындагы №20636-аскер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн резервдик түзүмдөрүнүн бир күндүк аскердик машыгууларына катышты.

Машыгуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы тарабынан Шанхай Кызматташтык Уюмунун “Тынчтык миссиясы-2016″ антитеррордук командалык-штабдык окууларынын алкагында өткөрүлүүдө. Анын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрүнүн аскердик даярдыгы текшерилип, машыгуулардан ɵтүштү.

Темир Сариев: "Армиябыз, аскерлерибиз күчтүү болсо, мамлекет кубаттуу болот. Коопсуздукту бекем сактоо үчүн аскердик даярдыкты жогорку деңгээлде көрсөтүү керек",- деп билдирди. Куралдуу күчтөрдүн катарында аскердик даярдыкты күчөтүү жана тартипти бекем сактоо маселесине ɵзгɵчɵ басым жасоо зарылдыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан