Президент Алмазбек Атамбаев журналист Турат Акимовго кол салууну тергөөнү өзү көзөмөлгө алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекет башчысы ички иштер министри Мелис Турганбаевге журналистке кол салган арам ойлууларды издөө боюнча ыкчам чараларды көрүүнү, тыкыр тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.
Белгилей кетсек, журналистти 19-февралда кечинде үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен.