Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол конфедерациясынын чакырык кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Макаонун футбол командасы 0:2 эсебинде Пакистандын футбол курама командасынан утулду. “Биринчи оюн бизге абдан кыйын болду. Чындыгында, атаандаштарыбыздын кандай болорун билген эмеспиз. Эми бардык командаларга ийгилик каалайбыз”,- деди утулган команданын машыктыруучусу Линг Сиу Уинг.