"Манас" аэропортуна алып барчу жолдун чыгыш тарабы оңдоо үчүн жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек - Эл аралык "Манас" аэропорту унаа жолун оңдоо иштери бүгүн, 22-февралда башталганына байланыштуу аталган аэропортко алып баруучу жолдун чыгыш тарабынын 7,5-30,5-чакырымдары жабылды. Ал эми жолдун батыш тарабына эки тараптуу кыймыл киргизилди. Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин маалыматына ылайык, жолго жаңы асфальт төшөлөт.