Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 22-февралда БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды.
Тараптар өлкөдө парламентизмди бекемдөө, адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, уюмдун жаңы долбоорлорун ишке ашырууда биргелешип иштешүү боюнча маселелер талкууланды.
Жээнбеков парламентаризм салттарын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан Жогорку Кеңешти 2021-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кеңири талкууга коюла турганын билдирди. "Бул парламент ишине мыйзам чыгаруунун илимий-изилдөөчүлүк жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ача турган өтө маанилүү документ. Сиздер тараптан стратегияны ишке ашыруу жаатында колдоо боло турганына ишеним артабыз",- деди спикер.
Тараптар 2017-жылдан кийин кыргыз өлкөсүн туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу жөнүндө да пикир алышты. “Кыргыз жеринде БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана байкоо боюнча Координациялык комитет түзүлдү. БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарын жүзөгө ашыруу боюнча иштер аракеттеги 2017-жылга чейинки улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясы менен чогуу Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө”,- дейт Жээнбеков.