"Кумтөр": 2015-жылдын аягына карата запастар жана ресурстар

"Центерра Голд Инк." жана "Кумтөр Голд Компани" ишканалары тарабынан 2015-жылдын 31-декабрына карата "Кумтөр" кениндеги запастардын жана ресурстардын көлөмдөрүн тактоо иш-чараларын өткөрдү.

Мекемеден 24-февралда билдиришкендей, 2015-жылдын соңуна карата бардык запастар жана ресурстарды эсептөөдө алтын унциясынын баасы 1200 АКШ долларга барабар болуп алынган.

Запастар

2015-жылдын 31-декабрына карата далилденген жана божомолдонгон запастардын жалпы көлөмү 5,6 миллион унция кен курамындагы алтынды түзгөн (тоннасына 2,5 грамм алтын камтыган 69,2 миллион тонна кен). Бул 2014-жылдын 31-декабрына карата далилденген жана божомолдонгон запастардын жалпы 6,1 миллион унциясына салыштырмалуу. Демек, 2015-жылдын ичинде иштетилген 658 миң унцияны эсепке алганда, далилденген жана божомолдонгон алтын запастары 495 миң унцияга кыскарган.

Ресурстар

"Кумтөрдө" эсептелген жана көрсөтүлгөн ресурстар 240 миң унция камтылган алтынга кыскарып, жалпы көлөмү 2,6 миллион унция камтылган алтынды түздү (курамында тоннасына 2,7 грамм алтын камтыган 29,6 миллион тонна кен). Эсептелген ресурстар 313 миң унция камтылган алтынга көбөйүп, 1,8 миллион унция кендеги алтынды түздү (курамында тоннасына 2,9 грамм алтын камтыган 19,5 миллион тонна кен). Көрсөтүлгөн ресурстар кендеги 553 миң унция камтылган алтынга кыскарып, 777 миң кендеги алтынды түздү (курамы 2,4 г/т алтын бар 10,2 миллион тонна кен).

2015-жылдын 31-декабрына карата "Кумтөрдөгү" алдын ала эсептелген 1,8 миллион унция алтын ресурстарынын (курамында тоннасына 6,5 алтын камтыган 8,6 миллион тонна кен) 1,7 миллион унция кендеги алтын (курамында тоннасына 10,9 алтын камтыган 4,7 миллион тонна кен) курамы жогору SB тилкеси менен Штокверк тилкесинде жаткан алдын ала эсептелген ресурстарга камтылган.

“Центерра” компаниясы жөнүндө: "Центерра" - Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин иштетүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык алтын өндүрүүчү компания. "Центерра" компаниясы - Батышта негизделген Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүрүүчү. “Центерранын” акциялары CG символу астында Торонто фондулук биржасында (TSX) жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат www.sedar.com SEDAR сайтында жана www.centerragold.com корпоративдик сайтында жеткиликтүү.

"Кумтөр" жөнүндө толук маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaazira13
2016-02-28 17:20:22
окмот маалыматты жакшылап анализдеп 2030-2050 жылдарга пландарды тузоо бериш керек, ири ишканалардын санын кобойто берген туура болот, азыр келечекти ойлобосок, африкадагы мамлекттерге окшоп калабыз онукпой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан