Москвага Кыргыз илим жана маданият үйүн куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "2011-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкек шаарында Орусия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Документти Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 20-январында кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги орусиялык тарапка кыргыз өлкөсү тарабынан аталган макулдашуу күчкө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан