Парламент Жогорку Соттун судьясы Абиджан Исаковду мөөнөтүнөн мурун кызматтан бошотту

Парламент Жогорку Соттун судьясы Абиджан Исаковду өз каалоосу менен кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурун бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин маалыматына караганда, Абиджан Исаков ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотуп коюу жөнүндө арыз менен кайрылган. Себеби айтылган жок.

Исаков Жогорку Соттун Кылмыш иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан