Дыйкандын тилегени - суу

Кечээ Бишкекте абанын температурасы рекорддук +20 градуска көтөрүлдү. Глобалдык жылуу болуунун кесепети – кургакчылык, сугат суунун тартыштыгы. "Кумтөр" компаниясынын билдиришинче, өткөн жылдары кургакчылыктан өзгөчө запкы чеккен аймактардын бири - Тоң жергеси. Кышкысын кар жатпаган, жери кайрак райондогу дыйкандардын караганы суу сактагычтар.

Төрт-Күл суу сактагычынын аймагыАлардын эң ириси 1977-жылы курулган, көлөмү 1 миллион 410 миң куб метр Төрт-Күл суу сактагычы райондун Төрт-Күл жана Болот Мамбетов айыл аймактарына караштуу 1658 гектар айдоо аянттарын сугарууну жөнгө салат. Анын ичинен суу сактагычтан түз сугарылуучу 1127 гектар айдоо аянты бар. Курулгандан бери тазаланбай, ичине көлөмү 530 миң метр кубга жеткен шиленди толуп, айрым айдоо аянттары иштетилбей турат.

Айылдыктардын кайрылбаган жери калган эмес. Шаабайы сууган элдин акырында "Кумтөргө" жолдогон кайрылуусу үмүттү жандырып, былтыртан бери тазалоо иштери жүргүзүлүп жатыптыр.

"Кумтөр" компаниясы бешинчи жыл катары менен Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун суу сактагычтарын тазалап берүүдө. Туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер өз жыйынтыгын берип, дыйкандардын түшүмү эң аз дегенде 20 пайызга көбөйгөн.“Кумтөрдүн” туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров: "Быйыл эки райондун суу сактагычтарын тазалоого ар бирине 100 000 доллардан каралган. Аткаруу иштерине жергиликтүү ишканаларды тартуу менен жумуш орундары да түзүлүп жатат. Буга улай бүткөрүлгөн иштердин жыйынтыгында дыйкандардын түшүмү көбөйгөнү бизди да кубандырууда",- деп билдирет.

Тоң суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Берди Алымкулов жылдан-жылга мөңгүдөн түшкөн суунун көлөмү азайып жаткандыктан, суу сактагычтын мааниси зор дейт. Февралдын жыйырмасында иш жыйынтыкталып, жазгы сугатка суу топтоо башталганын маалымдаган ал: "Суу тартыштыгынан 300 гектарга жакын сугат жерлери бош калчу. Былтыр "Кумтөр" 90 000 доллар бөлүп, суу сактагыч тазаланган соң анын 70-80 гектары иштетилди. Эсептеп көрсөк, кошумча бул аянттардан дыйкандар 3,5 миллион сом таза киреше табууга жетишкен",- деп "Кумтөрдүн" көмөгү экономикалык жактан чоң пайда алып келгенин белгиледи.

Суу сактагычты тазалооТазалоо иштерин райондогу айыл өкмөттөрүнүн техникаларын бир жерге топтоо менен түзүлгөн муниципалдык ишкана аткарууда. Мындагы жүк ташуучу жана экскаватор техникаларын айыл өкмөттөрү кен ишканасы тарабынан каржылануучу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду аркылуу алышкан.

Ал эми бул жерде иштегендердин эмгек акысы “Кумтөр” бөлгөн каражаттан төлөнөт. Быйыл алтын кен ишканасы суу сактагычты тазалоого жетишпеген бульдозерди жана жер боюнча мастерин да жардамга жөнөткөн.

Төрт-Күлдүн тургуну Кубат Сабаев: "Мал менен талаачылыктан башка киреше булагыбыз жок болгондуктан, акыркы жылдардагы кургакчылык өз кедергисин тийгизүүдө. Андыктан караганыбыз эле ушул суу сактагыч",- деп элдин, үй-бүлөсүнүн атынан алтын кен ишканасына ыраазычылыгын билдирди. Суу сактагычтан чыккан шиленди ага чектеш Туура-Суу айылынын да керегине жарап, көчөлөрдү түздөөгө, ойдуңдарды толтурууга колдонулду. Ал эми былтыр бир тургун айдоо жерине төктүргөн шилендиге дыйканчылык кылып, өзгөчө мол түшүм алыптыр. Муну көргөн айылдаштары да шилендиден айдоо аянттарына колдонууга камданууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
beben
2016-02-27 09:14:25
Комускодо калган толтура проблемалар бар, бунун баары ачыкка чыккса бийликти эл тируулой орттоп салмак
+1
marik10
2016-02-28 13:16:20
beben,ошондуктан популисттер калп эле бир ишкана кыргызстандын 8000 монгулорун ээритип атат деп кыйкырып атышпайбы, уч жыл мурун 2010 жылдагы мародерчулук маселесин талкуулоп баштаганда бир топ адамдар кыйкырып башташтыго. биздин саясатчылар бир нерсени которо баштаганда, бир сыры бар экенин билинип калат
+1
jaazira13
2016-02-28 17:04:34
бул иштер мамбюджетке тушкон кирешелерден жана ысык-кол фондунан сырткары каражатка жазалат. ошондуктан бул нерсенин баарын элге ачык маалымат тууралу жеткириш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан