Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 25-февралда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Рамил Гасанов менен жолугушту. Тараптар быйыл күзүндө Кыргыз Республикасында өтүүчү маанилүү иштер: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.
Башкы катчы 2015-жылы жасалган жана 2016-жылга пландалып жаткан иштер тууралуу да маалымат бергенин элчиликтен кабарлашты.
Жунусов аталган иш-чаралардын масштабдуулугун белгилеп, аларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн кеңештин катчылыгына жардамдашууга даяр экенин айтты.