Алмазбек Атамбаев "элдин ЕАЭБге болгон үмүтү акталышы керек" деди

Президент Алмазбек Атамбаев 26-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Жолугушууда Евразиялык экономикалык биримдиктин күндөлүк ишмердигинин негизги багыттары, интеграциялык биримдикти мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу милдеттери жана артыкчылыктарына тийиштүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болушу дүйнөлүк экономикадагы татаал процесстердин учуруна дал келгенин, бул интеграциялык бирикменин бардык мүчөлөрү үчүн жаңы милдеттерди жана чакырыктарды пайда кылганын белгиледи. "Кыргыз мамлекетинин жарандарынын интеграцияга болгон үмүттөрү акталышы керек",- деди Атамбаев.

Жолугушуунун катышуучулары кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушунун алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу жана өлкөнүн евразиялык интеграциялык процесске катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө президентке маалымат беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан