Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Шаар башчылыгына Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы Албек Ибраимовдун талапкерлигин сунуштаган. Талапкер буга чейин кыргыз тили боюнча сынактан өтүп, аймактык шайлоо комиссиясы талапкер катары каттаган. Борбор калаанын башчылыгына атаандашсыз жалгыз талапкер ат салышууда.
Фракция мүчөлөрү көп жылдан бери КСДПнын мүчөсү болуп келген Ибраимов шаар башчылыгына татыктуу талапкер экенин белгилешүүдө. Анын мыкты менеджерлиги, жарандар менен иштешүүдө тажрыйбасы жетиштүү экени айтылды.
Албек Ибраимов 1967-жылы 1-июнда Бишкек (Фрунзе) шаарында туулган. Билими - жогорку, улуту - кыргыз. Кыргыз, орус тилдерин билет. Буга чейин "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.