27-28-февраль күндөрү Орусиянын Орск шаарында бильярд спорту боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш болуп өттү. Мелдешке Орусиянын бир катар аймактарынан жана Казакстан, Кыргыз Республикасынан барган 40 спортчу катышты.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, кураштырма пирамида түрү боюнча өткөн мелдеште кыргыз спортчусу Ызатбек Раатбеков жеңишке жетишти. Ал финалда орусиялык Денис Смирновду утуп алды.