Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу өндүрүш долбоорлорун насыялоо мөөнөтү узартылды

Мамлекеттеги өндүрүш долбоорлорун Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу жеңилдетип насыялоо шартына өзгөрүүлөр кирди. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметова 29-февралда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

“Мисалы, турак жайларды куруу, ири инфраструктура жана өндүрүш долбоорлорун насыялоо мөөнөтү 15 жылга, өнөр жай жана айыл чарба долбоорлорунун мөөнөтү 10 жылга, дагы башка коммерциялык долбоорлордун мөөнөтү 7 жылга чейин узартылды”,- деди фонд башчысы. Минималдуу насыялоо суммасы 3 миллион сомдон 1,5 миллион сомго чейин кыскартылганы, насыя алуучунун өздүк кошумча үлүшү насыянын 15 пайызына чейин азайтылганы айтылды.

Белгилей кетсек, аталган фонд 2015-жылы түзүлгөн, уставдык капиталы 500 миллион доллар. Бүгүнкү күнгө карата фонддун эсебиндеги акчанын суммасы 350 миллион долларга жетти. Калган 150 миллион доллары 2016-жылдын 29-майына чейин этап-этабы менен берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан