Калмурат Байтөлөев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-февралда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Байтөлөев аталган кызматта 2013-жылдын 29-августунан бери иштеп келген.