Курманбек Бакиевдин учагынын арзан сатылып кеткени депутатты нааразы кылууда

"Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Курманбек Бакиев үчүн алынган учак арзан сатылып кетти". Мындай нааразычылыгын бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, өз убагында К.Бакиев үчүн учакты сатып алууга бюджеттен 13 миллион доллар бөлүнгөн. "Эми бул учак 3 миллион долларга эле сатылыптыр. Эмнеге анын баасы мынчалык түштү? Аукцион өткөрүүнүн зарылдыгы бар беле?"- деди депутат.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 28-февралында К.Бакиев үчүн алынган В300 үлгүсүндөгү Beechcraft SuperKingAir-350 учагы аукциондо 3 миллион 130 миң долларга сатылганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан