14-мартта Аксыда, Таласта жана Нарында митингдер өтөт

14-мартта Аксыда, Таласта, Нарында жана Жалал-Абадда митингдер өтөт. Маалыматты Аксы районунан активист Шекербек Камчыбек уулу 7-мартта SUPER.KG порталына кабарлады. Анын билдиришинче, митингде мурунку нааразычылык акцияларында коюлган талаптар кайталанат.

"Митингге чыгып социалдык багыттагы талаптарыбызды айтканыбыздан бери 1 ай өттү. Иш жүзүндө эч нерсе аткарыла элек. Алдыга жылыштар болсо, тийиштүү адамдар келип документтери менен көрсөтүшсүн. Элдин жашоосу оорлоп баратат, 1 автоунаасы бар үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул берилбейт. 150 сом карызы үчүн светин кыркып кетүүдө, иш жоктугунан улам айына 150 сом таппаган үй-бүлөлөр да бар. Ооруканага барсаң "Социалдык фондго карызыңды төгүп кел" деп карабай жатышат",- дейт активист.

Эгер коюлган талаптар аткарылбай создуктурула берчү болсо, эл саясий митингге чыгууга даяр болуп калганын кошумчалады Камчыбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан