Президентке жазгы талаа иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди

Президент Алмазбек Атамбаев 9-мартта айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевди кабыл алды. Мамлекет башчыга жазгы талаа иштеринин жүрүшү, минералдык жер семирткичтерди жеткирүү, жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу айыл чарбасын каржылоо жана лизинг программаларынын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилгенин президенттик аппараттан кабарлашты.

Бекбоев өлкөдө ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, жаңы сугат жерлерди пайдаланууга киргизүү пландарын да айтты.

Алмазбек Атамбаев аймактарды жана бүт өлкөнү өнүктүрүүдө айыл чарба тармагынын мааниси зор экенин белгилеп, жазгы талаа иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзүшү үчүн министрлик фермерлер менен дыйкандарга бардык шарттарды түзүшү зарыл экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан