Орусияда пляжда чагылган тийип, 3 адам каза тапты

Бүгүн, 14-июлда Орусиянын Тула облусундагы Ока дарыясынын жээгиндеги пляжда чагылган тийип, үч адам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Окуя «Шахтёр» мейманканасы жайгашкан аймакта болгон. Baza Telegram каналынын маалыматына караганда, чагылган эс алып жүргөн 7 адамга тийген. Ал эми айрым басылмалар окуя учурунда адамдар сууда болгонун жазышууда.

Чагылгандын натыйжасында эки чоң киши жана бир бала каза болуп, дагы төртөө жаракат алган. Экөө ооруканага жеткирилсе, калгандарына окуя болгон жерде дарыгерлер биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Жергиликтүү бийлик жарандарды күн күркүрөгөн маалда ачык жерде, өзгөчө сууда болбоого чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан