Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ирина Карамушкинаны депутат Өмүрбек Бабановго моралдык зыян келтиргени үчүн 250 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, доогер Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ирина Карамушкинанын 2015-жылдын 17-июнунда Жогорку Кеңештин жыйындар залында айткан: «Камакта отурган Адина Турдубаева Өмүрбек Бабановдун көзү тирүү турганда түрмөдө чирип кетерин айтат. Мен Турдубаеванын оор абалын көрүп келдим. Бул аял анын курулуш бизнесин Өмүрбек Бабанов алып салганын жана өлмөйүнчө эркиндикке чыкпай турганын айткан. Эмнеге Кыйноолордун алдын алуу боюнча борборунун башчысы мындай маселелерди чечпей жүрөт?»- деген маалыматы чындыкка дал келбегендигине байланыштуу сотко абийирине, ар-намысына шек келтирилип, ишкердик беделин коргоо максатында арыз менен кайрылган. Өмүрбек Бабанов моралдык чыгашасы үчүн жоопкер Ирина Карамушкинадан 5 000 000 сом жана сотко катышкан мыйзамдуу өкүлүнүн чыгымы үчүн 62 150 сом өндүрүлүп берүүсүн талап кылган.
2015-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен Өмүрбек Бабановдун Ирина Карамушкинага карата ар-намысын коргоо боюнча доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "2015-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында жоопкер Ирина Карамушкина тарабынан таратылган аталган маалыматы чындыкка дал келбейт" деп, Карамушкинаны буга чейин жарыялаган жергиликтүү эки интернет-порталда төгүндөгөн маалымат жарыялоого милдеттендирди. Төгүндөөчү маалымат чечим күчүнө кирген убактан кийин эки жуманын аралыгында жарыяланууга тийиш.
"Ирина Карамушкинадан Өмүрбек Бабановдун пайдасына 250 000 (эки жүз элүү миң) сом өндүрүлсүн, ал эми юридикалык кызмат көрсөтүү чыгымдары үчүн 30 000 сом төлөнүп берилсин деп чечим чыгарган. Калган учурлар боюнча доо арыз канааттандырылган эмес",- деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы чечим боюнча 2016-жылдын 9-мартына карата Бишкек шаардык сотуна бир да тараптан арыз келип түшпөгөнү маалым болду.