Өкмөт экстремисттик материалдарды жарыялаган сайттарга ыкчам чара көрүүнү сунуштоодо

Парламентте бүгүн, 9-мартта “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, маалымат чөйрөсү, өзгөчө кыргыз мамлекетинин интернет мейкиндигинде түзүлгөн кырдаал экстремисттик таасир берүүгө ыңгайлуу экенин көрсөттү. “Ошондуктан Жарандык-процесстик кодекске, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизип, провайдерлердин жоопкерчилигин көчөтүү милдети турат”,- дейт министрдин орун басары.

Соттук тажрыйба жана маалыматтык материалдардын экстремисттик экендигин таануу иштерин тезинен кароо зарылдыгы жаралганы айтылды. Жарандык-процесстик кодекс арыздарды кыскартылган мөөнөттө (3 күндөн 5 күнгө чейин) кабыл алуу жана кароону аныктаган “Маалыматтык материалдарды экстремисттик экендигин таануу жөнүндөгү арыздарды кароо” деген жаңы бөлүм менен толукталмакчы.

Талкууда депутаттар бул өтө маанилүү долбоор экенин айтышып, анда террордук жана радикалдык деген сыяктуу дагы башка маалыматтарды да камтууну сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан