"Нотариат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзам долбоору экинчи окууда каралды

"Нотариат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында экинчи окууда каралды. Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкы башкармалыгынын башкы адиси Гүлгаакы Абдуллаева аталган мыйзамга түшүндүрмө бергенин ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Адистин билдиришинче, ведомстволук нотариалдык архив Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болот. Ага ылайык, өз ишканасында, мекемесинде жана уюмунда документтерди белгилүү мөөнөткө сактаган мамлекеттик ишкананын, мекеменин жана уюмдун же алардын структуралык бөлүмдөрүнүн архиви ведомстволук архив катары түшүнүлөт.

“Мыйзам долбоору менен 19, 32-беренелерге мамлекеттик нотариалдык архивдин түзүлүшү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "мамлекеттик нотариалдык архив" деген сөздөр тиешелүү түрдө тиешелүү жөндөмөлөрдө "ведомстволук нотариалдык архив" деген сөздөргө алмаштыруу сунушталып жатат”,- дейт Абдуллаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан